Белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казакстандын «Достук» орденинин ээси, белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Актрисанын 50 жылдыгы 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган үч маанилүү датага карата уюштурулду. Алар:

Иш-чара президенттин «Манас» камералык оркестринин аткаруусундагы чыгармалар менен ачылып, Айтурган Темирова өмүр таржымалы, басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берген. Аны менен катар күйөрмандарынын кызыктырган бардык суроолоруна жооп берип, салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан Айтурган Темированын атынан коюлган Айтурган ысымдуу кыздар чакырылып, аларга белгилүү актрисанын атынан баалуу белектер берилди.

Ошондой эле кыргыз киносунун өтмүшүн жана Болотбек Шамшиев менен Айтурган Темированын чыгармачылыгын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылып, көргөзмөсү бир ай бою «Дордой Плаза» соода борборунда уланат.