Белгилүү актриса Екатерина Градова көз жумду

Актриса Екатерина Градова көз жумду. Бул тууралуу журналист Андрей Малахов өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын өлүмүнүн себептери жана шарттары азырынча белгисиз. Актриса 74 жашта болчу.

Градова 1946-жылы 6-октябрда Москва шаарында туулган. Ал мектепти аяктагандан кийин Москвадагы көркөм театр окуу жайына тапшырган. 4-курсунда Маяковский атындагы Москва академиялык театрында коюлган «Таланттар жана суктануучулар» спектаклинде башкы ролду ойногон.

Актриса өзүнүн карьерасында 20 театралдык спектаклдарда, сегиз телесериалда жана төрт тасмада ойного жетишкен.