Белгилүү Тик-Ток жылдызы Дина Саева суицидге бардыбы?

Белгилүү Тик-Ток жылдызы, 21 жаштагы Дина Саева социалдык тармактагы баракчаларынын бирине буттары көгөргөн сүрөттөрдү жарыялап күйөрмандарын ойго салды. Ал сүрөткө “Ойгонсоң эле ушундай… коркунучтуу. Бул хайппы же чындыкпы, тапкылачы” деген билдирүү калтырган. Көп өтпөй жамгырда, асфальт үстүндө жаткан сүрөтүн жүктөп, катталуучуларына “бардык терс энергияны таштагыла” деген чакыруу жасаган.

Учурда анын сүрөттөрү кызуу талкууга алынып, орус басылмалары да бул тууралуу жазып жатышат. Айта кетсек, буга чейин Дина Саева жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине маек берип, анда мас абалында суицидге барууга аракет кылганын айткан.