Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду

Бүгүн, 20-апрелде белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомдук жана маданий ишмерлер, замандаштары катышып, анын чыгармачылыгын жана адамдык парасатын эскришти.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 7 жашынан комуз кармап ырдай баштап, 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон. Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам каза болгон.