Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев кабыл алды. Эстафетаны Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу өткөрүп берди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси 2012-жылы түрк кеңешинин саммитинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы тарыхта биринчи жолу Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. Экинчи жолу 2016-жылы, үчүнчү жолу 2018-жылы кайра эле Ысык-Көлдө уюштурулган.