«Бир аз сыркоолоп жүрөм». Шайыр Касымалиева эмне үчүн сахна менен коштошконун айтты (видео)

1990-жылы Кыргыз Улуттук драма театрынын босогосун аттап, 32 жылдык өмүрүн театрга арнаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева театр менен коштошту. Актриса акыркы кезде ден соолугу жакшы болбой, көп нерсеге жол бербей жатканын айтты.

«Театрдан кетүү чечимин 1 жыл мурда кабыл алгам. Пенсияга чыгып, театр менен коштошуп, андан аркы ишимди башка багытка буруп, эмгектенейин деп пландагам. Пенсияга документ тапшырып, 2 жыл эрте чыктым. Мен жаш кезимде театрды жан дилим менен сүйдүм. Улам жыл өткөн сайын баягы тартылуу солгун болуп калды. Муздадым. Роль жаратып жүрө берсем болмок, бирок ден соолук дагы ага жол бербей калат экен. Акыркы жылдары ден соолугум аксап жүрөт. Толук айтпай кое турайын, убактысы келет, ачыкка чыгарам», — деди ал.