«Бир болайыкка» катышкан Арген Аруужандын колун сурады

Казакстандык популярдуу «Бир болайык» телешоу берүүгө катышып, коомчулукка таанылган кыргызстандык блогер Арген Асанов Аруужандын колун сурады. Бул жаңылык кечээ, 31-мартта көрсөтүлгөн берүү аркылуу маалым болду.

Буга чейин Арген Асанов SuperTV телеканалына «Хайп үчүн барып, Аруужанды сүйүп калдым» деп маек берген эле.