“Бир болайыкка” катышкан Аргендин апасы: «Кошуналар келип, Аруужанды көрсөтүштү»

Казакстандагы популярдуу «Бир болайык» теле-шоу берүүсүнө катышкан кыргызстандык Арген Асанов сүйүүсүн тапканын айткан эле. Ал жакында ата-энеси менен Алматы шаарына барып, сүйүктүүсүн кыргыз-казак салты менен алып келгени жатышканын айтат. Арген жана анын ата-энеси тойго даярдыктар тууралуу маек курушту.

«Тойго даярдык башталды. Уулубуз бизге кийим алып берип жатат. 26-апрелде кечинде Алматыга чыгып кетебиз. Эфирде кызга сөйкө салып, алып чыгып кетет экенбиз. Той кылып, кызды үйгө алып келебиз», — деди атасы.

«Алгач Казакстанга кетип баратканын айткан. Мен интернетке жакын эмесмин. Кийин кошуналар келип, Аруужан менен таанышып жатыптыр, көрүңүз деп көрсөтүштү. Эми Кудайдын буйругу да деп койдум. Мына эми Казакстанга жол тартып, кыргыз-казак достугун бириктирип, той баштап жатабыз. Эң негизгиси бактылуу болушсун», — деди апасы.