Бир катар маданият тармагынын өкүлдөрүнө «Абай» фондунун сыйлыктары тапшырылды

Кыргызстандын маданият жана адабият тармагынын белгилүү өкүлдөрүнө маданият жана искусствону колдоо боюнча эл аралык «Абай» фондунун сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Сыйлангандар:
  • Анатай Өмүрканов, акын;
  • Акбар Рыскулов, акын;
  • Муратбек Бегалиев, композитор;
  • Жылдыз Бакашова, профессор;
  • Кайрат Иманалиев, министр;
  • Нуркан Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
  • Бакыт Тилегенов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
  • Керимбек Кадыракунов, акын;
  • Анарбек Ибраев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
  • Саламат Садыкова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти;
  • Назым Мендебаиров, режиссёр, актёр;
  • Эржан Осмонов, актёр;
  • Закирбек Дүйшөнбек уулу, комузчу.

    Сыйлыктарды Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова тапшырды.