Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова кош бойлуу экенин ачыктады

Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова социалдык тармактагы баракчасында кош бойлуу экенин ачыктады.

«Мен учурда кош бойлуумун. Көз жарганча иш-чараларга катышууга, ырдоого болбойт. Буюрса, апрель айынан баштап көптөр күткөн кыргызча ырлар чыга баштайт. Ага чейин сиздерди мени түшүнөт деп ойлойм. Баарыңарды сыйлайм, баалайм, жакшы көрөм»,- деп жазды ал.