Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова: «Привет, Андрей» берүүсү менин жашоом тууралуу атайын сюжет даярдады» (видео)

«Ынтымак» паркында ырдап жылдызга айланган таланттуу келин Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу орусиялык белгилүү «Привет, Андрей» телеберүүсү атайын сюжет даярдады. Бул тууралуу Бегимай Турусбекова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Ынтымак» паркында ырдап атым таанылганда эле «Привет, Андрей» берүүсүнүн өкүлдөрү байланышып, мен жөнүндө сюжет тартуу сунушун айтышкан. Анда баш тартып койгон болчумун. Кийин кайра байланышып, «мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз, биз барып сиз тууралуу тарталы» деп айтышканда макул болдум. Тартуучу топ Казарманга чейин келип сюжет даярдап кетишти. Аларга биздин жашообуз кызык болду окшойт. «Силер ушундай жерде жашайсыңарбы? Карапайым эле турмушта жашайт турбайсыңарбы?» деп таң калып кетишти. Буюрса, 14-июлда Москвага учам, 15-июлда берүүгө тартыласыз деп айтышты», — дейт Бегимай Турусбекова.