Буга чейин «Ынтымак» паркында ырдап жылдызга айланган таланттуу келин Бегимай Турусбекова анын жашоосу тууралуу орусиялык белгилүү «Привет, Андрей» телеберүүсү атайын сюжет даярдаганын айткан.
Дал ошол сюжет бүгүн, 4-сентябрда көрсөтүлөт. Бул тууралуу ал өзү жазып, берүүнүн анонсу менен бөлүштү. Маалыматка караганда, берүүнү “Россия-1” (РТР) каналы саат 21:00дө көрсөтөт.