Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова: «Тойго чакыруулар көп болуп жатат» (видео)

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багында ырдап, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекованы тойго чакыргандар көбөйүүдө. Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине медицина кызматкерлерине чыгармачылыгын тартуулаганын билдирди.

«Медицина кызматкерлеринин майрамына карата корпоративдик кечесине чакырышканынан кечээ, бүгүн ырдап келдим. Андан сырткары тойлорго чакыруу болуп жатат. Бирок аларга азырынча жооп бере элекмин. Өзүмдүн жумуштарымды бүтүрүп алган соң ал нерсе чечилет», — деди Бегимай Турусбекова.