«Биринчи жолу тартылып жатам». Бактияр Токторовду эми тасмадан көрөбүз

Бактияр Токторов алгачкы жолу кинодо роль жаратты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти менен байланышканыбызда, ал эпизоддук роль жаратканын айтты.

«Комедия жанрындагы тасма экен. Тасмада кыздын аты Адина экен. Анан Бактияр Токторовду тааныйм деп, тойго чакырышат экен. Бул чындыгында биринчи жолу тартылган тасмам болот»,- деди ал.