Биринчи жолу Улуттук кинематография боюнча кеңештин отуруму болду

Улуттук тарых музейде Улуттук кинематография боюнча кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Катышуучулар улуттук киноиндустрияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулады.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышты. Отурумдун катышуучулары жыйындын алдында 2024-жылы сатылып алынган жаңы кинотехникалар жана кыргыз киносунун быйылкы жылдагы жетишкендиктери менен таанышышты.

Жыйындын соңунда 2025-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер жана “Кыргызстан – баатырлардын өлкөсү” концепциясын ишке ашыруу планы белгиленди. Кинематография боюнча кеңеш катышуучуларга жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз киносун өнүктүрүүдө амбициялуу максаттарга жетүү үчүн мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдирди.