Биржан Байбол Кыргызстанга көчүп келгенин айтты

Казак ырчысы Биржан Байбол менен маектештик. Ал күйөрмандары күткөн суроолорго жооп берип жатып, соңку окуялар ал үчүн чоң сыноо болгонун айтты. Ал эми чыгармачылыгын Кыргызстанда улантат.

«Продюсерим үй алды. Чыгармачылыкта болгон пландар биз каалагандай болсо, ушул жакта калам деген ниетим бар. Негизги себеби, колдоочуларымдын көбү Кыргызстанда. Силерде көп белгилүү ырчылар бар, мен ошолордун деңгээлине жетүүгө аракет кылам. Ошол үчүн Кыргызстанга көчүп келдик»,- деди ал.