Биржан Байбол: «Нурайым Акылбекованы концертке келет деп күткөм»

Кыска аралыкта кыргыз элинен күйөрмандарын тапкан казак ырчысы Биржан Байбол Бишкекте алгачкы жеке концертин берди. Зал толгон эл концерттен бир гана адамды күткөндөй болду.

«Эмне үчүн концерттин атын «Кара кыз» деп койдук. Анткени Нурайым Акылбекованын афишада сүрөтү жок болсо да аты турсун дедик. Концертке келгенде жок жерден эле сахнага чакырып, ырдайлы деген ниет болгон. Бирок көзүм менен издеп жаттым. Кара кызым көрүнбөйт.

Нурайым Акылбекова көрөм, ойлоном деген. Чалдым жооп берген жок. Келет деп күттүм», — деди ал.