Бишкек Шаардык драма театры Түркияда фестивалда кыргыз маданиятын таанытууда

Арсен Өмүралиев атындагы Шаардык драма театры Түркияда улуттар аралык фестивалда кыргыз маданиятын таанытып жүрүшөт. Аталган иш-чара тууралуу актёр Амантур Мусаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Учурда Түркиянын Деңизли шаарында Улуттар аралык 34-достук фестивалы өтүүдө. Фестивалдын уюштуруучулары ар кайсы мамлекеттин спектаклдерин карап чыгып, кайсы спектакль фестивалга ылайыктуу болсо тандап, чакыруу жөнөтүшөт. Иш-чараны жыл сайын шаардын мэри шаардыктарды ар кайсы өлкөнүн маданияты менен таанытуу максатында уюштуруп келет экен. Кыргызстан алгачкы ирет катышып, биз, Арсен Өмүралиев атындагы Шаардык драма театры Бексултан Жакиевдин «Саадак какты» чыгармасы менен келдик. Фестиваль 2-июнь башталган, 13-июнга чейин созулат», — дейт актёр.