Бишкек шаарында улуттук «Манас» театры ачылат

Бишкек шаарында улуттук «Манас» театры ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда министрлик тарабынан театрдын укуктук-ченемдик актылары даярдалып жатат. Алар театрдын уставы, устав концепциясы жана штаттык бирдиктер. «Буга чейин президент тарабынан искусствонун кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү максатында , “Манас” жана башка кичи эпосторду, дастандарды жайылтуу үчүн шарттарды түзүү боюнча Маданият министрлигине тапшырма берген. Учурда театрдын ишмердүүлүгү боюнча даярдыктар көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.