Бишкектин мэри Мадоннанын хореографын кабыл алды (сүрөт)

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров дүйнөлүк жылдыз Мадоннанын хореографы менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

«Fusion Concept Festival» аттуу заманбап бийлердин Дүйнөлүк чемпиондугуна тандоо турун уюштуруучусу Жан Воинов, уюштуруучу Канон Зузоа жана Мадоннанын хореографы Марвин Гофин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун кабыл алуусунда болушту. 25-июнда «Дордой плаза» соода борборунда өтчү тандоо туруна КМШ өлкөлөрүнөн бардык каалоочулар келишет. Тандоодон уткан күчтүү 2 бийчи Парижде өтчү заманбап бий чемпиондугунда Кыргызстандын атынан чыгат.