Бишкекте актёр, вайнер Улан Эсенакуновдун үлпөт тою өтүп жатат (видео)

Бишкектеги тойканалардын биринде актёр, вайнер Улан Эсенакуновдун үйлөнүү тою өтүп жатат.

Тойдо тамадалык милдет Кубаныч Баркалбасовго жүктөлгөн. Ал эми актёр Эмил Эсеналиев жаш жубайлардын өкүл атасы болду.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Эсенакунов жубайынын 2001-жылы туулганын, чыгармачыл чөйрөдөн эмес экенин айткан. «Шаан-шөкөтү жок эле колун сурадым. Кечээ, 19-июлда кыз узатуу той болуп өткөн»,- деген ал.