Бишкекте алгачкы жолу 6 мамлекет катышкан фестиваль өтүп жатат

Бүгүн, 5-июнь күнү Маданият министрлигинин координациясында, ТҮРКСОЙ Эл аралык түрк маданияты уюму жана “Супара” этнографиялык комплексинин алдындагы “Supara Chunkurchak” энторезортунун уюштуруусунда “Супара: Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы” алгачкы ирет өтүп жатат.

Фестивалда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия, Македония өлкөлөрүнүн белгилүү ашпозчулары өздөрүнүн улутуна таандык улуттук тамак-аштарды жасап, калыстардын сынына коюшат. Бул иш-чаранын максаты-түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон тамак-аш маданиятын жандандыруу, унутта калган азык-түлүктөрдү кеңири таанытуу, гастрономиялык туризмди өнүктүрүү.

«Алгач ашпозчулар диаспора өкүлдөрүнүн коштоосунда чыгып, тааныштырылып, өнөрпоздор тарабынан концерттик программа жана театралдаштырылган пролог тартууланган соң иш-чараны ачуу үчүн сөз Кайрат Иманалиевге, Султан Раевге, Жаңылсынзат Тургунбаевага берилди. Бүгүнкү иш-чаранын аталышы “Супара: Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы” деп аталышы жөн жерден эмес, себеби, Супара деген сөз түрк тилдүү элдерде бир маанини белдирет. Супара-орток сөз, орток-маданият дегенди түшүндүрөт», — дешти.