Бишкекте Болот Миңжылкиев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт

21-25-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинен маалымдашты.

Фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.

«Фестиваль 21-апрель күнү саат 18:00дө Жузеппе Вердинин «Аида» операсы менен ачылат.

Негизги партияларды: Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Дина Дютмагамбетова (Аида), Түрк операсынын алдыңкы солисттери Унюшан Кулоглу (Радамес), Тунжай Куртоглу (Рамфис), Айни атындагы Тажик Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын операсынын солисти, эл аралык конкурстардын лауреаты, Тажикстандын Эмгек сиңирген артисти Сайфулло Юсуфов (Амонасро), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Бекбаева (Амнерис), Нурлан Сүймөналиев (Египеттин падышасы) аткарышат»,— деп айтылат малыматта.

23-апрель күнү гала-концерт өтүп, опера күйөрмандары фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концертке күбө болот. Концертте улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат. Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин «Принц Игорь» операсы менен аяктайт. Фестивалдын бардык күндөрү дирижердук пультта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов болот.