Бишкекте бүгүн жана эртең кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Бүгүн жана эртең, 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен  билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган эл аралык айтыш Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналып уюштурулган.

Кыргыз мамлекетинен айтышка Амантай Кутманалиев, Акматбек Султан, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Жылдызбек Төрөканов, Кубат Тукешов,  Мундузбек Борончуев жана Турат Жумаев катышат.