Бишкекте эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды (сүрөттөр)

Кечээ, 21-ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалы расмий жыйынтыкталды. Ага Маданият министри Алтынбек Максутов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, чет элден келген жана жергиликтүү кино ишмерлер, кино күйөрмандар катышты. Аземдин жүрүшүндө айрым кино ишмерлерине Кинематографисттер Союзунун, Бишкек мэриясынын, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун атайын сыйлыктары жана медалдары тапшырылды.

Фестивалда CAF Питчингге сунушталган 10 долбоордун ичинен жеңүүчү болуп Асель Айшакимова менен Асель Ержанованын «Эсепти Төлө» долбоору табылды.

Улуттук сынакка коюлган 8 тасманын ичинен “Акыркы көч” гран-принин ээси болду.

Ошондой эле ”Мыкты режиссер” — Айбек Дайырбеков «Эрмен жыты» тасмасы менен, ”Мыкты актер” — Артык Сүйүндүков “Көл” тасмасындагы ролу үчүн, «Мыкты көркөм аткаруу» — Акжол Бекболотов «Шамбала» тасмасындагы оператордук иши үчүн сыйланышты. «Сагынбай Манасчы» (режиссер Эрнест Абдыжапаров) тасмасына атайын сыйлык ыйгарылды.

Ал эми эл аралык кино сынакка коюлган 10 тасманын ичинен гран-приге “Жекшемби” (Өзбекстандын режиссёру Шокир Холиков) тасмасы татыды.

«Мыкты режиссер» сыйлыгын — Актан Арым Кубат «Эсимде» тасмасы менен алса, «Эркектин мыкты ролу» «Чыйыр» тасмасы (режиссер Михаил Кулунаков) татыды.

Калыстар тобунун байгеси казакстандык режиссер Кенжебек Шайкаковдун «Айгай» тасмасына ыйгарылды. Бишкек эл аралык фестивалы алгачкы жолу өткөрүлдү. Ал 17-ноябрда старт алган.