Бишкекте эл аралык КМШнын жаш киночуларынын “Үмүт” форуму ачылды

Бүгүн, 20-июнда “Ала-Тоо” кинотеатрында X эл аралык КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографтарынын “Үмүт” кинофоруму расмий ачылды. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Эл аралык кинофорум Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналды. Форум 23-июнга чейин уланып, программада толук метраждуу жана кыска метраждуу фильмдердин конкурстук жана сынактан тышкаркы көрсөтүүлөр, тегерек столдор, алдыңкы кинорежиссерлордун мастер-класстары, дебюттук фильмдердин премьерасы, ошондой эле абройлуу эл аралык кинотасмалардын лауреаттарынын атайын тасмалары көрсөтүлөт.

Форум КМШга мүчө-өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.