Бүгүн, 25-май күнү Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драмалык театрында k-pop музыкалык фестивалынын финалы өткөрүлөт.
Фестиваль Корея Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп, k-pop багытына кызыккан таланттуу жаштардын таймашы орун алат. Көрүүчүлөрдүн арасында лотерея өткөрүлүп, жеңүүчүгө Ысык-Көлгө эс алууга эки кишиге жолдомо берилет.