Бишкекте ырчы Аяна Касымованын кыз узатуу тою өтүп жатат

Бишкектеги ресторандардын биринде ырчы Аяна Касымованын кыз узатуу тою өтүп жатат. Ырчынын жакындары соцтармактарга видео, сүрөт менен бөлүшүп, ага бакыт каалап жатышат.

Тойго ырчы кыздын жакындары, курбулары, сахналаштары чакырылган.

31-март күнү 23 жашка толгон Аяна Касымова туулган күнүн белгилеп жатканда сүйүктүүсү колун сураган.