Бишкектеги мода көргөзмөсү өткөн Арзубек Vonama менен казак блогеринин чыры эмнеде?

21-февраль күнү Бишкек шаарында дизайнер Арзубек Vonama`нын мода көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чарага казакстандык моделдер Мадлен жана Дамеля конок катары чакырылышкан.

Көргөзмө болуп өткөндөн кийин казак блогери Мерей Абилова өзүнүн нааразычылыгын айтып чыкты. Ал Бишкекке келип, ага болгон жаман мамиледен улам көргөзмөгө катышпай кетип калганын айткан.

Кечээ, 22-февралда Арзубек Vonama социалдык тармактагы баракчасына өз чындыгы бар экенин айтып чыкты. «Ал менин көргөзмөмдүн амбассадору да, атайын чакырылган коногу да эмес болчу. Ал жөн гана ар кайсы сферадан чакырылган 40 коноктун бирөөсү эле. Биздин амбассадор Мадлен жана Дамеля болду. Албетте, ошондуктан биз экөөнө өзгөчө мамиле кылдык. Ал эми «сулуу» аларга көрсөтүлгөндөй сый ага да көрсөтүлүүсүн каалады. Бирок сүйлөшүүдө андай айтылган эмес. Биз Дамеляны амбассадор деп жарыялаганда, Мерей өзү байланышып, ал да катышкысы келип жатканын айтты. Ошого карабасан биз чакыргандарга сый көрсөттүк, чакырылгандардын бири да нааразы болушкан жок. Баары жакшы эле башталды. Аны ВИП зонада тосуп алдык. Барып-келүүгө авиабилетин төлөп бердик. План боюнча өнөктөштөрдөн 2 отель берилмек. Ал аны күтпөстөн бизден люкс бөлмө талап кыла баштады. Биз кечирим сурадык. Биз анын сураганын баарын кылып бердик. Аягында айтарым, жөнөкөй бололучу», — деп жазды Арзубек.