Бишкектин сулуусу тандалды. Ал — 21 жаштагы Бегайым Баева

Кечээ, 25-февралда борбор калаанын ресторандарынын биринде «Бишкек сулуусу — 2022» сынагы болуп өттү. Сынакка катышкан 33 кыздын ичинен Бегайым Баева жеңүүчү болду. Ага башкы белек катары «Дүйнөнүн туризм сулуусу» эл аралык сынагына катышуу тартууланды.