«Биз жыргап көрдүк, Байсаловго жакпаптыр». Назира Айтбекова “Сагынбай манасчы” тасмасынын бет ачарынан видео жарыялады

“Сагынбай манасчы” тасмасынын бет ачары болду. Шилекейибиз куюлуп, жыргап көрдүк биз, бирок Эдил Байсаловго тасма жакпаптыр». Бул тууралуу алып баруучу Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.

Видеодон көрүнгөндөй, бет ачарда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, Маданият министри Азамат Жаманкуловдун тасмага тартылган актер, актрисалар менен сахнада турганын көрүүгө болот.

Байсалов тасма жакпаганын айтып, сындаган. Бул көрүүчүлөрдү нааразы кылган. Андан соң сөздү Мадумаров алып, ар ким өзүнүн көргөнүн, билгенин айтарын айтып, алгачкы кадам ак жолтой болсун деген тилегин айтты.