“Биз өтө кыйналып кеттик”. Рахман Разыковдун жубайынын жолдошу экөөнүн абалы тууралуу жазган билдирүүсү

Куудул Рахман Разыковдун жубайы Диля Разыкова мындан бир канча күн мурун социалдык тармактагы баракчасына жолдошу экөөнүн абалы тууралуу билдирүү жазган. Анда ал коронавирус илдети канчалык кооптуу экенин баса белгилеп, элден ден соолугуна кайдыгер мамиле кылбоону өтүнгөн.

“Урматтуу, эли-журтум! Ар ким өз башына келгенде түшүнөт, бирок кеч болот экен… Той-топур, бата, көпчүлүк эл чогулган жерлерде этият болуңуздар! Биз өтө кыйналдык… Азыр да жатабыз. COVID деген немени тамаша көрбөй, ар ким өзүн, бала-чакасын этият кылсын. Күнүнө биз жаткан жерге 50-60 оорулууну алып келет. Арасында өтө оор келгендер бар. Кудайым жеңилинен берип, баары айыгып, чыгып кетишин каалайм! Бирок дарыгерлерге чоң рахмат. Тикесинен туруп иштеп жатышат. Азыр пенсияда болсом да, кесиптештерим менен сыймыктандым. Кудайым күч-кубат берсин ак халатчандарга! Ар бирибиздин ден соолугубуз өзүбүздүн колубузда экенин унутпай, этият бололу, туугандар. Сураныч, оорубагыла!”, — деп жазган ал.

Айта кетсек, куудул, сатирик Рахман Разыков бүгүн эртең менен коронавирус илдетинен улам каза болду.