«Биз» тобунун фанатына айланган италиялык ТикТокерден дагы бир шиңгил «Буй-Буй»(видео)

Италиялык популярдуу ТикТокчу Алессандро Карузо «Биз» тобунун «Ыйлай-ыйлай» деген ырына тартылган дагы бир видеосун баракчасына чыгарды. Аталган видео 17 саат аралыгында 39 миңге жакын «лайк» чогулткан.

581 миң катталуучусу бар италиялык ТикТокер «Биз» тобунун «визиттик карточкасы» болгон ырды кайра-кайра баракчасына чыгарып отуруп кыргыз тилин өздөштүрүп алса да ажеп эмес.

 

Эске салсак, Алессандро мырза буга чейин да «Ыйлай-Ыйлай» («Буй-буй») ырдын автору Бактияр Токторовдун аткаруусундагы версиясына видео тартып ТикТок баракчасына чыгарган.