«Биздин каалообуз менен турмушка чыккан. Катачылык кылыптырбыз» дейт Гүлжайна Атаканованын ата-энеси

“Бейишим ата-энем” долбоорунун бул жолку каармандары куудул Гүлжайна Атаканова менен ата-энеси Туралы Атаканов жана Сүйүм Атаканова болду. Куудулдун ата-энеси “Кезинде кызыбызга таарынып жүргөн элек” дейт.

«Ал убакта бизден катачылык кеткен экен. Аны моюнга алабыз. Эми кеч болуп калды. Ошондо эле «каалаганыңа, тандаганыңа чык» десек болмок экен. Биздин каалообуз менен турмушка чыккан. Ал кезде ата-эне айтканга тийчү», — деди атасы.