«Бизге ТИМге тиешеси жок адам жооп берип коюптур» дейт Атай Өмүрзаков

Кечээ, 8-мартта бийчи Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине нааразычылыгын жазып чыккан болчу. Бирок бүгүн, 9-мартка карата ал билдирүүсүн өчүрүп салганы маалым болгон. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева редакцияга «АКШнын визасын алуу боюнча суроосу бар экен, бирок ал бизге кайрылган эмес» деген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Атай Өмүрзаков менен байланышканыбызда, түшүнбөстүк болуп кеткенин айтты. «Бизге мындай жооптуу тиешеси жок адам берип коюптур, а биз ТИМдин жообу ушундай го деп жазып койгонбуз. ТИМ биз менен байланышып, аларга жетпегинин айтышты», — деди ал.