Блогер Ажара: “Окуя ата-энеме кандай катуу тийгенин билем. Бирок аларды угуп блогерликти токтото албайм”

Мындан бир нече күн мурун интернет айдыңында блогер Ажара Алишерованын мас абалындагы видеосу тарап, коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. SUPERTV блогер менен жолугуп, окуянын чоо-жайы, коомчулуктун тепкиси жана анын учурдагы абалы тууралуу маек курду.

“Ошол күндүн эртеси түз эфирдеги видеодон өзүмдү көрүп, таң калдым. Чын эле ушул менби, мен ушинтип сүйлөдүмбү деп нес болдум. Депрессияга кабылдым, ыйлай берип көз жашым калган жок. Социалдык тармактарга кирбей, өзүмдү алаксытып жаттым. Эл жок жакка баргым келди. Андыктан дароо эле Ысык-Көлдү көздөй жөнөдүм. Ичимден “баары бүттү” деп, чет жакка кетип калсамбы же блогерликти таштасамбы деген ойлор болду”, — деди ал.

Ошондой эле окуяны ата-энеси кандай кабыл алганына токтолду.

“Ата-энем Ошто турат. Алар мени издеп Ысык-Көлгө чейин келишти. Кайра Ошко алып кетебиз, блогерликти токтот, социалдык тармактарда отурба дешти. Алар үчүн мен дагы деле кичинекей кызмын да. Мага кандай кыйын болсо, ата-энеме андан да көп кыйын болуп жатканын түшүнөм. Бирок артка жол жок. Мен өспүрүм курактан өттүм. Андыктан өзүмдүн да чечимим болуш керек деп Ошко барган жокмун”, — дейт блогер.

Маекти толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.