Блогер Арген Асановдун сүйүктүүсү Аружандын кыз узатуусу өттү (видео)

Кечээ, 11-июнь күнү «Бир болайык» шоу программасынан табышкан Арген Асановдун сүйүктүүсү Аружан Бекешованын кыз узатуу тою болуп өттү. Кыргыз-казакты бириктирген той Казакстандын Талдыкорган шаарында өттү.

Аружанды эл алдына «Бир болайык» шоу программасынын алып баруучусу Камила Саян ырдын коштоосунда алып чыкты. Тойдо эки жаштын жакындары, дос-туугандары ырдап-бийлеп, көңүл ачып келишти.