Блогер Аружан Бекешева мурдагы кайнатасынан кабар алуу үчүн Жалал-Абадга барды

Блогер Аружан Бекешева социалдык тармактагы баракчасына мурдагы жолдошу Арген Асановдун ата-энесине Жалал-Абадга барган видеосу менен бөлүштү.

Видеого «ажырашууга карабай, экинчи үй-бүлөң болуп калганда» деп жазып, алар дайыма жүрөгүндө экенин билдирди.

Аружан Бекешева буга чейин үй-булөлүк зомбулукка кабылып келгенин жазып, видео, сүрөт менен бөлүшкөн. Ошол үчүн жолдошу экөө эки жолго түшкөнүн да жазган.