Актёр, блогер Бекболот Турдуш социалдык тармакта активдүү болбой калганда бир кезде жакын болгон белгилүү адамдар мамилесин үзгөнүн айтат. «Белгилүү блогер, ырчылар популярдуу болсоң гана мамиле кылышат экен. Азыр активдүү болбой, байланыш үзүлүп калды» дейт блогер.
«Апалуу болгум келет. Тилечүмүн апалуу болсом деп. Тилекке каршы болгон жок. Азыр атам экөөбүз эле турабыз. Апам болсо, ата-энемди өзүм бакмакмын. Ошентсе да, мени колдогон атам бар. Апам 3 жашымда каза болду. Атам 8 жылдан бери багып келе жатат. Тааныштар кимди тарткан десе, апасына деп айтат. Көзүмдү апамдыкына окшоштурушат», — деди ал.