Блогер Гузи Исламова ринопластикадан кийинки мурдун көрсөттү (видео)

Гузи Исламова аты менен белгилүү блогер, модель Исламбек кызы Гүлзаада ринопластика жасаткан. Блогер социалдык тармактагы баракчасына «жаңы» мурдун көрсөттү.

«Мурдум уктаганда дем алуума тоскоол болчу. Анткени бир аз кыйшык жана чоң эле. Операция 1-2 саатта аяктады. Биринчи жолу наркоз алдым десем болот. Операциядан кийинки 2 жана 3-күн кыйналдым. Аябай шишип кеткем. Азыр өзүмдү абдан сонун сезип жатам. 5-күнү эле эшикке чыгып кеткем»,- деди ал редакция абалын, сезимдерин билүү үчүн байланышканыбызда.