Блогер Гузи Исламова туулган күнүндө өзүнө унаа белек кылды

Блогер, модель Гузи Исламова туулган күнүндө өзүнө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып, видео менен бөлүштү.

«Мен өзүмө sportcar белек кылдым. Kia Stinger 2021», — деп жазды ал.

Ал мындан 4 күн мурун Бишкектеги ресторандардын бирине жакындарын чакырып, туулган күнүн белгилеген.