Блогер Нуриза Бектурова: «Турмушка чыккандан кийин ата-энемди сагынып, ыйлап жүрдүм»

Блогер, вайнер, шоумен Медер Нуркадыров жана жубайы, блогер Нуриза Бектурованын үйүндө конокто болдук. «Кичинекей кезден бери ушул үйдө чоңойдум. Ал учурда биз жашаган Ак-Өргөө конушунда үйлөр аз болуп, талаа эле болчу экен» деген Медер мырза жарымы цех, жарымы үй болгон өргөөсү менен тааныштырды.

«Турмушка чыккан соң бат эле көнүп кеттим. Башында 1 ай көнө албай ыйлап жүрдүм. Ата-энемди сагынып жүрдүм. Азыр көндүм. Ата-энемди сагынганда көрүшүп турабыз»,— деди Нуриза Бектурова.