Блогерлер Нуриза Бектурова менен Медер Нуркадыров нике күбөлүк алышты

Блогерлер Нуриза Бектурова менен Медер Нуркадыров нике күбөлүк алышты. Бул тууралуу Бектурова соцтармактагы баракчасына жазды.

«Куттуктоолорду кабыл алабыз. Расмий түрдө жубайлар болдук»,- деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Нуриза Бектурова менен байланышканыбызда жакында кыз узатуу той болорун ага удаа эле үлпөт той өтөрүн айтты.