Борончу Кудайбергенов: “Убагында Рахман Разыковго кыянат кылгандар ал өлгөндө күйүп-бышып жүрүштү”

Куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнь күнү коронавирус илдетинен дүйнө салып, кыргыз сатирасы орду толгус оор жоготууга учурады. Алп куудулду кесиптеши Борончу Кудайбергенов төмөнкүдөй эскерет.

Рахман Разыков – кыргыз сатирасында революция жасаган, күлкү жаатына чоң бурулуш киргизген адам. Убагында ага кыянат кылган кесиптештери ал өлгөндө келип, күйүп-бышып, тим эле жакын адамындай түр көрсөтүштү. Эгер чындап күйүп-бышса, анда ага багыштап куран окушсун. Алардын жардамы ошол болот. Рахман агай тирүү кезинде “Сизди азыр эч ким барктабай жатат, сиз өлгөндө гана атагыңыз чыгат” деп тамашалап калчумун. Анын айткан сөздөрү, жазгандары эми гана барктала баштайт”, — дейт ал.

Рахман Разыковду кесиптештери, шакирттери кантип эскерет? Видеодон көрүңүз.