BTS тобу Lotte Chilsung компаниясы тарабынан Kloud Beer сырасынын  жаңы модели катары тандалды

Кореялык белгилүү «BTS» тобу дагы бир азыктын жүзү болду.

Суусундук чыгаруучу Lotte Chilsung Beverage компаниясы бүгүн актёр Пак Со Жундун ордуна Kloud сыра брендинин жаңы жүзү мындан ары BTS тобу болорун маалымдады.

Топтун биринчи жарнамасы 16-апрелде, жума күнү жарыяланып, компания менен  жолугушуусу Kloud расмий YouTube каналында  саат 13: 00дө  көрсөтүлөт. Lotte Chilsung Beverage компаниясынын билдирүүсүндө, сыранын популярдуулугун арттыруу үчүн компания ар кандай маркетингдик иш-чараларды даярдап жаткандыгын билдирди.

BTS  буга чейин суусундуктун 70 жылдык мааракесин белгилөө үчүн Lotte Chilsung Beverage компаниясы менен Chilsung сидрин жарнамалаган.