Будапештте скульптор Тамила Маматованын эмгектеринин көргөзмөсү ачылды (сүрөт)

Кечээ, 15-июнда Будапешт шаарында Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скульптор Тамила Маматованын скульптураларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгына арналган. Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземине скульптуралардын автору, Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышты. Кыргыз скульпторунун эмгектери коомчулукта зор кызыгууну туудурду. Көрсөтүлгөн экспозициялар кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын чагылдырат.

Көргөзмө 2022-жылдын 17-июнуна чейин өтөт.