«Буга чейин мамлекеттик мекемеде иштебептирмин». Ырчы Каныкей мектепте сабак бере баштады

Ырчы Каныкей Бишкектеги №75 мектепте музыкадан сабак бере баштады. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады.

Маалыматка караганда, ал ноябрь айында расмий түрдө жумушка орношкон. «Көрсө, мен 35 жашыма чейин мамлекеттик мекемеде иштебептирмин. Мен муну өлкөнүн келечеги үчүн деп кабыл алдым. Мен 1-класстан 7-класска чейинки окуучуларга музыкадан сабак берем. Эки билимим бар адам катары мага оор болбой эле. Мага жагып жатат. Өзүң билген нерсең менен бирөөлөргө бөлүшкөн жакшы», — деди ал.