«Бул Кудайдын сыноосу». Актёр Нуржаасын Жумагулов жардамга муктаж

Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын актёру Нуржаасын Жумагулов эки бөйрөгүн алмаштыруу үчүн жардамга муктаж. Анын кесиптештери, жакындары бөйрөгүн алмаштыруу үчүн каражат топтоо максатында коомчулуктан жардам сурап кайрылышууда.

Актёр өзү да социалдык баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган: «Ассалому алейкум. Кандайсыздар туугандар? Ооба, сиздер уккан кабар чындык. Бул Кудайдын сыноосу. Боорукер элимден жардам сурайм. Жардамыңыздар келип жатат. Алла ыраазы болсун сиздерден«.

«Мегатой» тасмасы аркылуу калың журтка таанылган Нуржаасын Жумагулов бир нече клиптерге да тартылган. Былтыр сүйүктүүсүнө баш кошуп, бир башын эки кылган.