«Бала кездеги кыялым эле». “Аалам периси-2023” сынагына Алтынай Ботоярова катышат

“Аалам периси-2023” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышам» деген жаңылык менен бөлүшкүм келди». Бул тууралуу «Кыргызстан сулуусу- 2021» сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова жазып чыкты.

«Бала кездеги кыялым «Аалам сулуусу» сынагына катышуу болчу, эгер ошол беш жаштагы кызга бул кыялым ишке ашат деп айтышса ишенмек эмесмин»,- деди ал.

Моделдик кесипти аркалаган сулуу буга чейин «Мини Мисс Кыргызстан-2014» жана 2020-жылы «Мисс Кыргызстан» сынагына катышып, биринчи вице-мисс наамын алган.