Бүгүн “Манас Ордо” комплексинде Манас күнүнө карата иш-чара орун алды

Бүгүн, 4-декабрда “Манас Ордо” комплексинде Манас күнүнө карата иш-чара орун алды. Ага вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чара театрлаштырылган «Семетейдин Таласка кайтып келиши» спектакли менен башталып, манасчылардын манас айтуусу менен уланууда. Манас айтуу бир суткага уланып, 5-декабрь саат 11:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, 2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган.